Бишкектеги Дельфин бассейнинин имараты. Архивдик сүрөт

Мэрия: "Дельфин" бассейни 9-ноябрь күнү ачылат

124
Эс алуу борборуна жайдан бери ремонт жасалып келет. План боюнча 1-октябрда бүтмөк.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Дельфин" бассейни 9-ноябрь күнү ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Албек Ибраимов шейшемби күнү аталган бассейнди текшерип чыгат. 

"Эгерде жасалган иштер талапка жооп берсе, бассейн 9-ноябрда ачылат", — деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, эс алуу борборуна жайдан бери ремонт жасалып келет. План боюнча 1-октябрда ишке берилмек. Бирок аталган убакытта бүтпөй калып, ноябрь айына жылган.

124
Белгилер:
бассейн, ремонт, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек мэри "Дельфин" бассейнинин ремонтун көрдү
Прокуратура "Дельфин" бассейнин оңдоо боюнча кылмыш ишин козгоду
Октябрдын башында ачылат деген "Дельфин" бассейнинин абалы
Стамбул аэропортундагы учактар. Архив

Эртеңден тарта Стамбул Бишкек Стамбул авиакаттамынын саны көбөйтүлөт

3
(жаңыланган 14:46 19.01.2021)
Жаңы чечимге ылайык, эртеңден тарта Стамбулга жумасына жети рейс аткарылат. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын санын көбөйтмөй болду. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.

Ага ылайык, эртең, 20-январдан тарта, Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча жумасына жети рейс аткарылат.

Жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясы ташыйт. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.

3
Белгилер:
рейс, каттам, Бишкек, Стамбул, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема боюнча
Кийинки жумадан тарта Бишкектен Лейлекке учак каттай баштайт
Ырчы Самара Каримова. Архив

Самара Каримова кызматынан кол жуушу мүмкүн. Маданият министрлиги сотко даттанды

79
(жаңыланган 14:31 19.01.2021)
Министрлик ырчы кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арызын эки жылдан кийин жазып, сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибергенин белгилейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга кайрадан дайындоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергени белгиленет.

"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.

Маданият министрлиги келтирген жүйөлөр:

Министрликтин атынан сотко ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Демек, бул процедуралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат;

КР Жарандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча өкүлгө ишеним кат берилиши керек. Сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган министр Азамат Жаманкулов тарабынан берилген. Бирок 14-октябрда министр болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу;

Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды.

Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы Музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде, директордун кабинетинин эшигин бузуп кирген.

Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.

Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.

79
Белгилер:
кайрылуу, сот, Маданият министрлиги, жетекчи, Самара Каримова
Тема боюнча
Кайрат Примбердиев "КР эмгек сиңирген артисти" наамын сактап калды
Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү