"ЭлТР" телерадиокомпаниясы 12 млн. сомго студия курууга тендер жарыялады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТелеканалдын студиясы. Архив
Телеканалдын студиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 5-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 28-ноябрда аяктайт.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. "ЭлТР" телерадиокомпаниясы Бишкек шаарына студия куруу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан маалыматка караганда телерадиокомпания студиянын курулушуна 11 миллион 846 миң 500 сом сарптоого даяр.

Студияны Эркиндик, 122 дарегине куруу пландалып жатат.

Тендер 5-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 28-ноябрда аяктайт.


Жаңылыктар түрмөгү
0