Фотофакт: Бишкекте атомдук планетардык модель жаңыланды

Жазылуу
Чүй проспектинде Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ортосунда атомдун жаңыланган планетардык модели орнотулууда.

Ремонтные работы городского бассейна Дельфин - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: "Дельфин" бассейни 9-ноябрь күнү ачылат
Буга чейин окшош түзүм илимдин символу катары бул жакта совет доорунда пайда болгон. Бирок бир нече жыл мурун ал ордунан алынган.

Өкмөттүн табыштамасы менен ошол эле жерге кайрадан жаңыланган модель орнотулууда. Иштер азырынча толук бүтө элек. Бирок расмий ачылыш аземи ушул жумага пландалган. 

Жыл сайын 10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк илим күнү жана кыргыз илиминин күнү белгиленет.

Бишкекте орнотулуп жаткан жаңыланган атомдун планетардык моделинин асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0