Бишкектик таксисттин кыжырын кайнаткан 6 нерсе

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСмог в Москве и Московской области
Смог в Москве и Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бектемир такси кызматына кылар иши жоктугунан келген. Ишке киргенден кийин эригүүгө убактысы жок экенин мойнуна алды.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкектик таксист Бектемир ар бир эле айдоочунун көкөйүнө көк таштай тийип, ачуусун келтирген көрүнүштөр тууралуу айтып берди. Көрсө, айдоочулардын жинин келтирген жүргүнчүлөрдөн тышкары көп нерсе бар экен.

1. Жолдон жайлоодо бара жаткансып каалгып өткөн адамдар. Андан да кулагына наушник тыгып алып, телефонун чукулап бараткан кыздарчы… Түшө калып мушташа кеткиң келет да. 

2. Бактардын кыйылып, жердин баарына жайнап калганы. Албетте, кыйыш керек, бирок чак түштө эмес, мунун баарын жолду тоспой жасаса болот да. 

Бишкектин кафелеринин биринен архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Официанттын көкөйүнө көк таштай тийген 5 учур
3. Ар бир кесилишке эле жол чийин түшкөнү. Улам эле токтой берип чарчайсың, тыгындар жаралат. Жер алдынан өтчү өтмөктөрдү жасап койсо болот да!

4. Майда көчөлөрдөгү жол. Жол деп айтууга да ооз барбайт. Жаан жаагандан кийинки баткак-ылайды айтпай эле коелу.

5. Чет жактан келген коноктордон улам көчөлөрдүн жабылышы. Өзгөчө чак түштө. Анан калса акыркы кезде жогорку даражалуу меймандар көбөйүп кетти.

6. Зарыгып кардарды күтүү. Билбейм, таксисттер психологдой көрүнөбү, айтор сырын төгүп, бугун чыгара баштагандар жинге тийчү болду. Мен жыргап жүргөнсүп…

Жаңылыктар түрмөгү
0