Улуттук гвардия 5 млн. сомго уй этин сатып алат

Жазылуу
Тендер 9-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 30-ноябрда аяктайт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук гвардиясы уй этин сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Улуттук гвардия уй этин 5 миллион 465 миң 600 сомго сатып алууга даяр.

Тендер 9-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 30-ноябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0