Илимпоздор: D витамини эмчек рагына даба болушу ыктымал

© AP Photo / Ariana CubillosОперация на женской груди
Операция на женской груди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
D витамини жана балыктын майы сөөктөрдүн жана тиштин бекем болушун камсыздагандан сырткары, унутчаактыкты жоюп, инфаркт оорусунан алыстат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Көкүрөк рагы менен жапа чеккен айымдардын организминде D витамини көбүрөөк болсо, операциядан кийин жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бул тууралуу РИА Новости JAMA Oncology журналына шилтеме берип жазган.

"Эмчек рагынан операция болгон айымдардын организминде D витамини көбүрөөк болсо, шишикти алып салгандан кийин тезирээк айыгып кетишет. Биздин иликтөөлөрүбүздө D витамини адамдын ден-соолугуна эң керектүү зат болуп саналат", — деди АКШдагы Кайзер клиникасынан Лоуренс Куши. 

ЖМК: АКШнын окумуштуулары эрте өлүмдүн себебин аныкташты
D витамини жана балыктын майы сөөктөрдүн жана тиштин бекем болушун камсыздагандан сырткары, унутчаактыкты жоюп, инфаркт оорусунан алыстат.

Американын биологдору D витамини картаюу клеткаларынын иштешин дагы жайлата турганын далилдешкен.

Илипоздор кош бойлуу жана эмизген айымдарга, жашы өткөн аялдарга D витаминин күнүгө колдонууга кеңеш берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0