Илимпоздор карыганда акылдан тайбаш үчүн эмне кылуу керектигин айтты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОбластная научная библиотека в Омске
Областная научная библиотека в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор улгайган адамдарга мээге чабуул жазаса, тез алжыбаарын айтышты.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Австралияда илимпоздор улгайып калган адамдар алжыбаш үчүн көбүрөөк компьютердик оюндарда ойноп, тесттерди толтуруп мээни машыктырса жакшы жыйынтык берерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги American Journal of Psychiatry журналына шилтеме берүү менне билдирди.

"Биздин иликтөө иштерибиз көрсөткөндөй жашы өтүп калган адамдар мээни машыктырса тез алжыбайт. Биз учурда бул жыйынтыктарды клиникалык практикага ашыралы деп турабыз", —деди Австралиянын Сидней университетинин окумуштуусу Ами Лампит.

Улгайган адамдар арасында илимпоздор тарабынан ар түрдүү тажрыйбалар жүргүзүлгөн. Анда жөнөкөй эле "тетрис" оюну ойнотулуп, жыйынтыгында оюн ойногон учурда эске тутуу акырындык менен жоголуп адамдар жандуу ойлоно баштаган.

Илимпоздор мындай тажрыйбаны алжый электе жүргүзүүнү сунушташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0