Instagram социалдык баракчасына онлайн-трансляция функциясы киргизилет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"День открытых дверей" информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан в Бишкеке
День открытых дверей информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн трансляция кайсы күнү иштей баштай турганы азырынча тактала элек.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Instagram социалдык баракчасынын колдонуучулары үчүн онлайн-трансляция функциясы киргизилгенин аталган компаниянын башчысы Кевин Систром Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.

"Бизге бул онлайн түрүндө түз алып көрсөтүү функциясы абдан кызык болду. Менин оюмча бул функция биздин долбоорду мындан да күчтүү кылат. Эгер мен жакшы көргөн адамым менен мамилемди оңдогум келсе, видео жөнөтүү ага жакыныраак болуунун бирден бир жолу болуп саналат", — деди Систром.

Компаниянын жетекчисинин айтымында, жаңы функция 500 миллион активдүү колдонуучуну кызыктырып, кармап кала алат. Онлайн трансляция кайсы күнү иштей баштай турганы азырынча тактала элек. Мындай функция Facebook социалдык баракчасына ушул жылдын апрель айында жарык көргөн.

Мужчина у штаб-квартиры корпорации Facebook в Менло-Парк, штат Калифорния. 20 июня 2013 года - Sputnik Кыргызстан
Instagram тармагында видео менен сүрөттөрдү чоңойтууга жол ачылат
Мындан сырткары, жакында Instagram колдонуучулары тез онлайн-сатып алуу тейлөө кызматы менен тейленишти. Бул функцияда Facebook социалдык тармагындагы сүрөттөрдө адамдарды белгилөө функциясына окшошуп, "tap to view" ("көрүү үчүн басуу") атайын белгисин басууда колдонуучу товардын атын жана анын баасын көрө алат.

Instagram — акысыз интернет-тиркеме, ал сүрөт жана видеолорду тартууга, аларды электен өткөрүп оңдоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле башка социалдык тармактарга жайгаштырууга жол ачат. Instagram колдонуучуларын саны 2016-жылы 500 миллион адамдан ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0