Комиссия: Матрезервдеги ун жараксыз экени аныкталды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСимферопольский комбинат хлебопродуктов
Симферопольский комбинат хлебопродуктов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын ноябрь айында иштелип чыккан биринчи сорттогу ундун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Матрезервге ал унду кампадан алып салуу сунушу берилди.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ведомстволор аралык комиссия Мамлекеттик материалдык резервдер фондусундагы ун жараксыз экенин аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кампадагы ун, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Матрезервдеги курттаган ундун чоо-жайы. Айыптоону четке каккан жетекчи менен ашпозчу
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов Матрезервдеги ундар курттап кеткенине карабастан, сатыкка чыгып кеткенин айтып чыккан.

30-сентябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен бул жагдайды иликтөө үчүн атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Ошондой эле өкмөт башчы Матрезервдин төрагасы Жоомартбек Жумабековго сөгүш берген

Текшерүүнүн натыйжасында комиссия бир катар чечимдерге келген.

"2015-жылдын ноябрь айында иштелип чыккан биринчи сорттогу ундун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Матрезервге ал ундарды кампадан алып салуу сунушу берилди. Буга чейин ун №5 жана №97 лицейге, Токмок шаарындагы психиатриялык ооруканага жана башка бир катар объектилерге сатылып кеткен. Буга байланыштуу аларды колдонуудан алдыруу сунушталды", — деп айтылат маалыматта. 

Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Матрезерв фонду жергиликтүү дыйкандардан буудай сатып ала баштайт
Мындан тышкары, Матрезервдин кампасындагы температура менен нымдуулукту көзөмөлдөө сунушу берилген. Ал эми Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигине көрсөтүлгөн далилдерге 15 күндүн ичинде укуктук баа берүү тапшырмасы берилди. 

Учурда ведомстоволор аралык комиссиясынын жыйынтыктарын Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиги карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0