Столдун үстүндөгү китептер. Архив

Маданият министрлиги китеп чыгаруу үчүн 32 млн. сомго тендер жарыялады

33
Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 6-декабрда аяктайт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги басма жана полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тендер жарыялады. 

Маалыматка караганда, аталган кызматтар китеп басып чыгаруу үчүн керектелип жатат. 

Тендер Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланып, министрлик аталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн 32 миллион сом сарптоого даяр экени көрсөтүлгөн. 

Тендер мөөнөтү 6-декабрда аяктайт. 

33
Белгилер:
тендер, китеп, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Тема боюнча
Бишкектин Ленин району кыргыз тилиндеги окуу китептерин сатып алат
Пикирлер