Москва — Ош — Москва каттамы ачылып алгачкы рейс ишке ашты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорттон учуп жаткан учак. Архив
Аэропорттон учуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары учактар Москвадан Ошту көздөй "Жуковский" аэропортунан учуп турат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 14-ноябрда Москва-Ош аба каттамынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, мындан ары учактар Москвадан Ошту көздөй "Жуковский" аэропортунан учуп турат. 

Кыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы
Аба каттамдын ачылышына "Урал авиалиниялары" компаниясынын өкүлдөрү катышкан. Ал эми Кыргызстандан "Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын директору Талант Ысаков башында турган делегация катышкан. 

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев аба каттамдын ачылышы эки тараптын байланышын мындан ары дагы жакшыртарына ишенерин билдирген. 

"Урал авиалиниялары" компаниясынан кабарлашкандай Ошту көздөй алгачкы рейс Airbus 320 учагы аркылуу ишке ашкан. Ал 150 жүргүнчүнү алып кеткен. 

Жуковский — Ош каттамы ар дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ишке ашса, Ош — Жуковский каттамы шейшемби жана бейшемби күндөрү каттай турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0