Жаңы Билим берүү министри президентке пландарын айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял министра образования и науки Гульмиру Кудайбердиеву
Президент Алмазбек Атамбаев принял министра образования и науки Гульмиру Кудайбердиеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда президент мамлекет берген каражаттар натыйжалуу пайдаланууга тийш экенин белгилеген.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жолугушууда билим берүү сапатын арттырууга багытталган иш-чаралар тууралуу талкууланган. 

"Министр билим берүү системасында реформаларды жүргүзүү, жогорку окуу жайларды заман талабына ылайыктоо боюнча алдыга койгон пландарын айтып берди", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми президент мамлекет берген каражаттар натыйжалуу пайдаланууга тийш экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0