Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тургундары Көк-бел суусуна узундугу 12 метрди түзгөн көпүрө курду

Жыргалаңдагы Көк-Бел суусуна айыл тургундары көпүрө курду

48
(жаңыланган 14:50 16.11.2016)
Учурда көпүрө толугу менен салынып бүттү.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тургундары Көк-бел суусуна узундугу 12 метрди түзгөн көпүрө курду. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Талгат Мукалаев маалымдады.

  • Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тургундары Көк-бел суусуна узундугу 12 метрди түзгөн көпүрө курду
    Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тургундары Көк-бел суусуна узундугу 12 метрди түзгөн көпүрө курду
    © Фото / Азамат Айтбаев
  • Аталган көпүрө бир жыл мурда урап калып, айыл тургундарына ыңгайсыздык жаратып жаткан. Учурда көпүрө толугу менен салынып бүткөн
    Аталган көпүрө бир жыл мурда урап калып, айыл тургундарына ыңгайсыздык жаратып жаткан. Учурда көпүрө толугу менен салынып бүткөн
    © Фото / Азамат Айтбаев
  • ӨКМ менен айыл өкмөтү керектүү жабдыктарды алып берди. Ал эми айыл тургундары көпүрөнү салууга жалпылап жардамдашып, кээ бири тамак-ашынан бери алып келип жатышты.
    ӨКМ менен айыл өкмөтү керектүү жабдыктарды алып берди. Ал эми айыл тургундары көпүрөнү салууга жалпылап жардамдашып, кээ бири тамак-ашынан бери алып келип жатышты.
    © Фото / Азамат Айтбаев
1 / 3
© Фото / Азамат Айтбаев
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тургундары Көк-бел суусуна узундугу 12 метрди түзгөн көпүрө курду

Ал билдиргендей аталган көпүрө бир жыл мурда урап калып, айыл тургундарына ыңгайсыздык жаратып жаткан. Учурда көпүрө толугу менен салынып бүткөн.

"ӨКМ менен айыл өкмөтү керектүү жабдыктарды алып берди. Ал эми айыл тургундары көпүрөнү салууга жалпылап жардамдашып, кээ бири тамак-ашынан бери алып келип жатышты. Мындай жол менен айылдагы айрым маселелерди чечип жатабыз", — деди Мукалаев.

Айыл өкмөт башчысы Жыргалаң айылы спирт ичимдиктерин дүкөндөрдө сатпай калган облус ичиндеги алгачкы айыл экенин кошумчалап өттү.

48
Белгилер:
көпүрө, айыл, Жыргалаң айылы, Ысык-Көл
Тема боюнча
Кызыл-Кыяда жалпы узундугу 110 метр болгон эки көпүрө курулду
Ош шаарында эки көчөнү бириктирген 40 млн. сомдук көпүрө курулат
Пикирлер