Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин архивдик сүрөтү

Сегизбаев: Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын калыбына келиши табышмак

252
(жаңыланган 17:09 16.11.2016)
Сегизбаев Елисеевге ошол убакта Кыргызстандын мыйзамдары боюнча үч кылмыш иши козголгонун айтып, ага карабастан анын лицензиясы калыбына келтирилгенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Максим Бакиевдин оң колу делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын 2010-жылы калыбына келиши биз үчүн табышмак деп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал өз сөзүндө Елисеевге ошол убакта Кыргызстандын мыйзамдары боюнча үч кылмыш иши козголгонун айтып, ошого карабастан анын лицензиясы калыбына келтирилгенин белгиледи.

"Елисеевге үч кылмыш иши козголгон. Анын лицензиясы кайта калыбына келтирилгени боюнча менде чоң суроо бар. Эреже боюнча лицензия анын ээсинин арызы менен гана калыбына келтирилет. Елисеевге 2010-жылы лицензия берилип жатып бир да документ топтолгон эмес. Мына 2013-жылы декабрда юстиция министри болуп иштеп турган адам документтерди арткы дата менен кайра калыбына келтириптир. Ал документтердин арасында Елисеевдин өзүнүн арызы жок", — деди Сегизбаев.

УКМКнын төрагасы Сегизбаев Елисеев Кыргызстандан чыгып кеткенден бери бир да жолу кайтып келбегенин айтып, анын атынан бул иштерди ким жасаганын аныктайбыз деп кошумчалады.

Эске салсак, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Бишкекте өткөн маалымат жыйында буга чейин Максим Бакиевдин жакыны делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы жаңыртылгандыгын тастыктап, андан эч кандай жаман нерсени көрбөгөнүн билдирген болчу.

252
Белгилер:
УКМК, Жогорку Кеңеш, Алексей Елисеев, Абдил Сегизбаев
Тема боюнча
Салянова: Елисеевдин лицензиясынын жаңыланышынан жаман нерсе көргөн жокмун
Пикирлер