Портфельчен адам. Архивное фото

Илимдер академиясынын түзүмдөрү 40 пайызга кыскарды

61
(жаңыланган 16:24 16.11.2016)
Улуттук илимдер академиясынын төрт вице-президенттик кызмат орду жоюлуп, 26 илимий изилдөө мекемеси кыскартылды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын түзүмдөрү 40 пайызга кыскарды. Бул тууралуу УИАнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, өкмөттүн токтомуна ылайык, илимдер академиясынын төрт вице-президенттик кызмат орду жоюлуп, 26 илимий изилдөө мекемеси кыскартылган. Буга байланыштуу учурда 16 илимий изилдөө институту калды.

"Улуттук илимдер академиясынын административдик башкаруу кызматкерлеринин саны 40 пайызга кыскартылып, жаш курагы 70тен ашкан жетекчилер өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан бошонду. Бирок, академиянын илимий кызматкерлеринин саны кыскартылган жок", — деп жазылат маалыматта.

Улуттук илимдер академиясы 1943-жылы ачылган. Бул жылдар аралыгында ири илимий ачылыштар жасалып, окумуштуулардын мыкты мектептери калыптанган. 1990-жылдары илимдер академиясында 4000ден ашык адам иштесе, азыркы күндө илимий жана башка кызматкерлердин жалпы саны 1940 адамды түзөт.

61
Белгилер:
илим, Улуттук илимдер академиясы, Абдыганы Эркебаев
Тема боюнча
Улуттук илимдер академиясы компьютер сатып алмай болду
КМЮА: жаңы орнотулган атомдун планетардык модели түнкүсүн күйүп турат
Пикирлер