Toyota Land Cruiser унаасы. Архив

Кытай консулдугу Ош мэриясына жол тандабасты шаар күнүндө белек кылган

301
(жаңыланган 09:08 17.11.2016)
Акыркы учурларда Ош шаарында белгиленип жаткан ири мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда бул жол тандабас колдонулуп келгенин Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси белгиледи.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ош мэриясына шаардагы кытай консулдугу октябрь айынын башында белгиленген Ош шаарынын күнүндө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабасты белек кылганын мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Ош мэриясы кымбат баалуу жол тандабас унаа алганын талкууга алышкан.

"Ош шаарындагы кытай консулдугу шаар күнүнө карата жол тандабас менен тез жардам унаасын белек кылышкан", — деди Жороева.

Унаага тагылган мамлекеттик туу. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Жороева ошондой мэрия кытай консулдугу менен ири долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз иштеп жатканын кошумчалады.

Акыркы учурларда Ош шаарында белгиленип жаткан ири мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда бул жол тандабас колдонулуп жатканын, буга чейин эле мэриянын мындай унаага муктаждыгы болгонун баса белгиледи.

Жол тандабаска 0001 ZA мамлекеттик номер тагылганын айрым ЖМКлар жазып чыкты.

Эскертсек буга чейин Кытай элчилиги Транспорт жана жолдор министрлигине да жол тандабас бергенин депутаттар көтөрүп чыккан. Бирок министрлик аталган автоунааны убактылуу колдонуу үчүн гана алганын жүйөө келтирип, аны кайтарып берген болчу.

301
Белгилер:
консулдук, белек, автоунаа, Кытай, Ош
Тема боюнча
Кытай Бишкектин жолдору үчүн 3 млрд. сомго жакын грант берет
Пикирлер