Казакстан чек арасын эмнеге жапканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту. Архив
Кыргыз-казак чек арасындагы Кордай көзөмөл өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан мурдараак казак тарап "Кордай" чек ара көзөмөл пунктун жапкан болчу. Окуя болгон жерге полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматы тартылган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту кайтадан ачылганын Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

ГПС: гражданка Узбекистана пыталась незаконно пересечь границу КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чек арасынан жасалма паспорт менен кишилер кармалды
Буга чейин окуяга күбө болгон жаран "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту жабылганын, ал жакка полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматы тартылганын маалымдаган. Анын айтымында чек ара бир сааттай жабылган.

Казакстандын чек ара кызматы "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту кадимки режимде иштеп жатканын билдирди. Чек ара пландуу иш-чаралар өткөрүлгөндүктөн жабылганын кошумчалашты.

Кыргызстандын чек ара кызматы да көзөмөл өткөрүү пункту кадимки калыбында иштеп жатканын тастыктады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0