Депутаттар өкмөт мүчөлөрү берчү антты өзгөртүүнү сунуштап жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековАнт берип жаткан депутаттын архивидк сүрөтү
Ант берип жаткан депутаттын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар азыркы анттын текстин өзгөчө бир сезим менен айтууга мүмкүн эмес деп эсептешет.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. КСДПнын депутаттары Дастан Бекешев менен Рыскелди Момбеков депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште берген анттын текстин өзгөрүүнү сунушташты. 

Бүгүн парламентте премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү элдин, президенттин жана депутаттардын алдында ант берди. 

"Аны биз эле уктук. Менин пикиримде, анттын текстин өзгөрүү керек. Негизи өзгөчө бир дем-күч, башкача бир сезим менен айтыш керек. Сөздөр жөн гана окулуп же айтылбай, жүрөктөн чыгышы зарыл. Тилчилер менен тарыхчыларды тартуу керек. Бул боюнча тармактык комитетке тиешелүү тапшырма береличи. Бул өлкөнүн тагдыры үчүн маанилүү", — деди Бекешев.

Вице-спикер Нурбек Алимбеков тапшырма берүүгө убада берип, мындай маселени депутат Момбеков да көтөргөндүгүн кошумчалады.

Анттын тексти: 

Мен (аты-жөнү) кызматка киришип жатып (кызматтын аталышы) өз элимдин, КРдин Жогорку Кеңешинин жана КРдин президенттин алдында КРдин Конституциясынын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилип аткарууга жана Кыргызстан элине ак кызмат кылууга ант берем. 

Берген антымды бузган учурда КРдин мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын.

Жаңылыктар түрмөгү
0