Кан куума дарттын тузагында калган эже-сиңдилер. Тайкы тагдыр баяны

© Фото / Зульфия ТургуноваСемья Маматовых, страдающие болезнью "остеомиелит"
Семья Маматовых, страдающие болезнью остеомиелит - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова экөө тең өз алдынча баса албай, II топтогу майыпка айланган. Бир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет.

Гүлипа Маматова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешип, бул илдетке кандайча чалдыгып, кандай күн көрүп келе жаткандыгын угуп көрдү.

Укумдан тукумга өткөн дарт

Мен "остеомиелит" дартына кабылгам. Бул илдет укумдан-тукумга өтүп келе жатат. Атабыз Нышан Маматов бала чагынан майыптыктан азап чегип, баса алган эмес. Ал 70 жашында каза болгон. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз — үч кыз, бир уул. Апабыз Кайыргүл эч качан ооруган эмес. Бир туугандардын арасынан агабыз гана энебизди тартып дени сак болду. Калгандарыбыз кан куума дарттын азабын чегип келебиз. Токтокан деген улуу эжем биз сыяктуу жаш кезинен ооруган жок. Беш бала төрөп, 48 жаш курагында буту баспай төшөктө жатып калды. Учурда 51 жашта. Ал дагы тукум куума дарт менен жабыркайт. Кудай беш бала берип коюптур, ошол балдары карап жатат. 

Замандан артта калтырган майыптык

Учурда 41 жаштамын, эжем Калима Маматова 46да. Балалыгыбыз Алай районунун Гүлчө айылында өттү. Ошол аймактагы орто мектепти бүтүрдүк. Мен беш, эжем 10 жашында тукум куума ооруга чалдыгып, алгач Бишкекте кийин Ошто операция жасалды. "Остеомиелит" деген сөөктүн сезгенүүсү дегенди билдирет экен. Көрсө, сөөк деле дарак сымал кадимкидей эле чирийт тура. Орто мектепти бүтүрүп, тигүүчүлүк боюнча курсту аяктадым. Андан кийин Ош технологиялык университетинин Алайдагы филиалынын эсеп бөлүмүнө тапшырып, бирок, 3-курска келгенде окуу акысын төлөй албай чыгып кеттим. Бала кезде педиатр болсом деп кыялданчумун. Ал тилегиме да жетпедим. Майыптык мени көп максаттан куржалак калтырып, тилектерим ишке ашпай кала берди. Ошентип, өкүнүч менен тирүүлүктүн күнүн көрүп келе жатам. 

Наристе жыты

25 жашымда Кара-Кулжанын 1-май айылына турмушка чыктым. Бирок, жылдызыбыз келишпей эки жылдан соң эки жолго түштүк. Балалуу деле болгон жокпуз. Ал эми экинчи ирет 31 жашымда Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылына келин болдум. Дарыгерлер "Сага төрөгөнгө мүмкүн эмес. Төрөттөн өлүп калышың мүмкүн илдет балаңа да өтөт "дегенине карабастан, уулдуу болдум. Балам жети айлык төрөлдү. Калпакка салып көтөрүп жүрүп, азап менен араң чоңойттум. Учурда уулум Элхан үч жарым жашка чыкты. Элдин уулу болсун, мага күйүмдүү бала болсун деп атын өзүм Элхан койдум. Уулумдун атасынын үй-бүлөсү бар. Баласына колдон келишинче каралашып турат. Аябай назик, көп ооруйт. Мен карыганда ушул балам багат деген үмүтүм чоң. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын 41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова экөө тең өз алдынча баса албай, II топтогу майыпка айланган.
Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова экөө тең өз алдынча баса албай, II топтогу майыпка айланган. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова экөө тең өз алдынча баса албай, II топтогу майыпка айланган.
© Фото / Зульфия ТургуноваБир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет.
Бир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет.
© Фото / Зульфия ТургуноваБир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет.
Бир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет.
© Фото / Зульфия Тургунова41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова жашаган үй
41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова жашаган үй - Sputnik Кыргызстан
4/4
41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова жашаган үй
1/4
Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова экөө тең өз алдынча баса албай, II топтогу майыпка айланган.
2/4
Бир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет.
3/4
Бир уул, бир кыздын энеси болгон бир тууган эже-сиңди 20 жылдан бери ушул илдеттин азабын тартып келет.
4/4
41 жаштагы тургуну Гүлипа Маматова жана анын бир тууган эжеси 46 жаштагы Калима Маматова жашаган үй

Тиричилик азабы

Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал - Sputnik Кыргызстан
Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал
Алайдын абасы оор келгендиктен, аргасыздан Ош шаарына жайгаштык. 20 жылдан бери эжем Калима экөөбүз батирден батирге көчүп, азап күндөрдү башыбыздан өткөрүп келе жатабыз. 1,5 жылдан бери калаанын Нурматов көчөсүндө жайгашкан Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык үйдө жашап келе жатабыз. Электр энергиясына гана акча төлөйбүз. Бир кабаттуу барак тибиндеги үйдөн суу чыкпагандыктан, бир чакырымдай аралыктан ташып ичүүгө туура келет. Калима эжемдин бир кызы бар. Күйөөсү каза болуп калган. Кызы Сабина 12 жашка чыкты. Калаадагы Терешкова атындагы балдардын жатак мектебинде окуйт. Ал жуманын беш күнү окуусунда болгондуктан, ишемби жекшемби күндөрү үйдө болгон кезинде бизге суу ташып берет. Суу сасып кетсе да келээрки ишембиге чейин Сабинаны күтүп отурууга аргасызбыз. Суу такыр түгөнүп калган кезде кошуналар ташып беришет. Эжем да, мен да балдак менен баскандыктан суу ташуу мындай турсун, короодогу ажатканага барып келүү биз үчүн тозок. Кийимдерди да отурган жерибизде араң жууйбуз. Эмне жумуш болбосун жамбашың менен жылып отуруп жасаганга туура келет. Эгерде алты саныбыз аман болсо ушинтип сасыган суу ичип кор болбойт элек да. Эл катары иштеп, үйлүү-жайлуу болуп, жолдош күтүп, жашоо тартуулаган жыргалчылыктарды көрбөйт белек. 

Чач агарткан санаа

Помощь семье Гульмире Жакыповой у которой шестеро детей - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: эки баласы майып үй-бүлөгө кайрымдуулук фонду там салып берди
Калима эжем да, мен да II топтогу майыппыз. Мен 4500 сом пенсия алам. Эжемди болсо пенсияга чыгуу үчүн эмгек тажрыйбасы жок дешип 2500 сом жөлөк пул менен калтырып коюшту. Биздин өлкөнүн мыйзамдарына да аргасыз таң каласың. Өзү майып адам болсо ал кайсы жумушка жарамак эле. Уулума жөлөк пул алайын деп документтерди тапшырууга Социалдык коргоо башкармалыгына барсам "пенсияңыз жетиштүү" деп узатып коюшту. Мен майыптыгым үчүн алган 4500 сом менен байып кетип, уулума жөлөк пул алууга болбойт экен. Тың баса албагандан кийин үйдө отуруп болсо да эптеп нанга акча табалы деп кээде эжем экөөбүз анда-санда тааныштарга төшөк тигип беребиз. Кызматыбызга "мынча акча бер" деп деле сурабайбыз. Мүмкүнчүлүгүнө жараша берип кетишет. Ал эми бизде "кийим сатып алмай" деген жок. Пенсиябыз азык-түлүккө араң жетет. Тааныштар келип эски кийимдерин берип кетишет. Ошолорду жамап, тигип киебиз. Дарыларыбыз болсо кымбат. 

Үзүлбөгөн үмүт

2011-жылы Ош шаардык мэриясына турак жай маселесине жардам берүүсүн өтүнүп, тиешелүү документтерди тапшырдык. Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов "майыптар үчүн үй салынса эле биринчи кезекте силерге берилет" деген жоопту айтууда. Суусу, дааратканасы ичинде болгон батир алып калаарбыз деген үмүтүбүз үзүлбөй келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0