Бишкекте тынбай жааган кар бир айлык нормага барабар болду

Жазылуу
Ал эми Ош облусуна караштуу Кызыл-Жар айылында рекорддук көрсөткүч болуп, жааган кардын көлөмү үч айлык нормага жетти.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкекте тынбай жааган кар бир айлык нормага барабар болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү борбор калаага кар жаап баштаган. Эртеси токтогону менен кайра бир күндөн кийин бир сутка бою тынган эмес. 

"Бишкекте эки күн ичинде 35,4 миллиметр кар жаады. Айлык норма 42 миллиметрди түзөт", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, Ош облусуна караштуу Кызыл-Жар айылында рекорддук көрсөткүч болуп, үч айлык норма бир убакта жааган. 

"Кызыл-Жарда 81 миллиметр кар жаады. Айлык норма 27 миллиметрди түзөт. Нарында болсо айлык норма 16 миллиметр. Ал эми кар 26 миллиметр жаады. Таласта норма 29 миллиметр болсо, 22 миллиметрлик кар жаады", — деп кабарланат. 

Белгилей кетсек, Бишкекте калың кардан улам дарактар кулап, кечээ, 21-нобярь күнү аэропорт ишин убактылуу токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0