БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Азалия Азатова аттуу студент жол тоскон адамдарды бекер жеткирип коюуну каалаган айдоочулардын башын бириктирүү үчүн WhatsApp каналында атайын топ түздү. Бул кызматты колдонуу үчүн каалоочулар "Попутка КГ" тобунун мүчөсү болуп катталышы керек.
Студенттин айтымында аталган топтун колдонуучуларынын саны күн санап өсүп барат.
"Бир жолу Кеминден Бишкекке жолго чыгып, транспорттун жоктугунан жолдо кала жаздагам. Ошондо мага бул идея келген. Бирок мен бул кызматтын артыкчылык жана кемчиликтери тууралуу көпкө ойлондум. Актуалдуубу, коомдо ак көңүл адамдар барбы, бейтааныш кишиге ишене алышабы деп. Бир нече убакыт бою топко кошулууга эч кимдин каалоосу болбогону менен акыркы жумада жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүүнү каалаган айдоочулар көбөйүп, топ кадимкидей жандана түштү", — дейт Азалия.
Бишкек тургуну Бекмамат Таалайбек уулу бул идея чындап эле ийгиликтүү иштей баштаганын айтып, жакында эле аны топтогу бир айдоочу үйүнө бекер жеткирип койгонун кошумчалады.WhatsApp — бул үн билдирүүлөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгү бар акысыз кроссплатформалык мессенжер. Интернет аркылуу тексттик билдирүү, сүрөт, видео жана аудио жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Кардар Android, iOS (iPhone), Windows Phone, BlackBerry, Nokia Symbian, Nokia S40 жана ОС Windows платформаларында иштей алат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.