fakt.kg сайтынан тартылган кадр. Жаш балбан Ринат Исмаилов

Ошто 20 жаштагы балбан тиши менен 70 тонналык төрт жүк ташуучу унааны сүйрөдү

471
(жаңыланган 18:32 21.11.2016)
Ринат Исмаилов буга чейин Кытайдагы сынакка катышып, кийинки турга жолдомо алган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт жүк ташуучу унааны тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине балбан өзү билдирди. 

  • Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт КамАЗды тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү.
    Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт КамАЗды тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү.
    © Фото / fakt.kg
  • Эске сала кетсек, Исмаилов буга чейин Караколдо бир канча унааларды тиши менен сүйрөп, Кытайдагы конкурска катышууга укук алган.
    Эске сала кетсек, Исмаилов буга чейин Караколдо бир канча унааларды тиши менен сүйрөп, Кытайдагы конкурска катышууга укук алган.
    © Фото / fakt.kg
  • Жаш балбан учурда 20 жашта.
    Жаш балбан учурда 20 жашта.
    © Фото / fakt.kg
1 / 3
© Фото / fakt.kg
Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт КамАЗды тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү.

Эске сала кетсек, Исмаилов буга чейин Караколдо бир канча унааларды тиши менен сүйрөп, Кытайдагы конкурска катышууга укук алган. 

"Ошко тойго өнөр көрсөткөнү барып, чакыруулар көп болгондуктан улам бир аптага чукул туруп калдым. Анан суранычтар боюнча жүк ташыган унааларды тиш менен тартууга бел байладым. Көпчүлүк элдин сүрөөнү менен жалпы салмагы 70 тонна болгон төрт камазды 65 метрге чейин сүйрөдүм", — деди Исмаилов. 

Жаш балбан учурда 20 жашта. Ал Кытайдагы Х-Фактор сынагына катышып, кийинки турга өткөн. Жакынкы күндөрү сынакка катышуу үчүн аттанганы турат. 

Кыргызстандан чыккан балбандар ушул менен гана чектелбейт. Өзгөчө өнөрлүү кыргыз жигиттеринин таланттары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

471
Белгилер:
күч, балбан, Ринат Исмаилов
Тема боюнча
Автоунаанын күчүнө туруштук берген Ринат. Түшкө ишенген балбан
Балбан Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу мелдеште коло медалга ээ болду
Лаборатория кызматкерлери. Архив

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

7
(жаңыланган 21:13 22.09.2020)
Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет.

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор Кайсар Табынов учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

7
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Жайлоо. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

9
(жаңыланган 21:03 22.09.2020)
23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл менен Нарында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү, 23-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр, кар, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +21...+23, Ош калаасында +24...+26 градуска көтөрүлөт.

9
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы