БШК башчысы: депутаттардын төш белгиси боюнча 6,3 млн сомдук тендерди токтотпойбуз

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель ЦК по выборам и проведению референдумов КР Нуржан Шайлдабекова
Председатель ЦК по выборам и проведению референдумов КР Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК башчысы жергиликтүү кеңешке 7500 депутат шайланаарын эске алганда, тендердин суммасы 6,3 миллионго чамалап барганы ашыкча чыгым эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин болочоктогу депутаттарына төш белги менен мандатын тастыктаган күбөлүк сатып алуу мыйзам талабы деп айтты Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова.

Предновогодняя продажа продовольственных товаров - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдык момпосуйга бөлүнгөн миллиондор: ким канча акча коротот?
Дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга тендер боюнча арызын жайгаштырган. Кеп 6 миллион 300 миң сом боюнча жүрүп жатат. Шарт боюнча алар алтын жалатылган төш белгилер болушу зарыл. 

Социалдык тармактын катышуучулары мындай суммага төш белги сатып алуу демилгесине нааразылыктарын билдиришкен. 

Бир катарлары муну "аш көп болсо каада көп" сымал айтышса, бир катарлары акчаны максатуураак пайдалануу зарылдыгын жазышкан. 

Буга БШК төрайымы Шайлдабекова мыйзам боюнча депутаттар төш белги тагынып, күбөлүк алышы керектигин билдирди. Ал атрибуттарды шайлоо өткөргөн орган берүүгө тийиштигин кошумчалады. 

"Маселен, Жогорку Кеңеш БШКнын мүчөлөрүн шайлайт да, алар бизге күбөлүк сатып берет. Бул мурдатан эле жасалып келе жаткан иш. Биз жергиликтүү кеңешке 7500гө чукул депутат шайлайбыз, тендердин суммасы 6,3 миллион сом. Бул ашыкча кеткен сумма деп айтпас элем", — деди Шайлдабекова.

Ал тендерди токтотпой тургандыктарын билдирди. Төрайым тендерге катышууга бир гана компания арыз берсе же продукция менен камсыздай турган тарап тандалбай калган учурда конкурс жокко чыгарыларын айтты. 

"Бирөөгө жакпай калыптыр деп эле тендерди токтотуп салбайбыз да. Биз мыйзамдын талаптарын аткарып жатабыз. Азырынча андай сөздөргө жооп кылып, тендерди жокко чыгарууга негиз жок",— деди БШК башчысы. 

Премиум классындагы автоунаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Автоунаа, эмерек, баалуу белектер... Маморгандар эмне сатып алууга ашык?
Төш белги менен күбөлүк жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарына тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан атайын журналга түшүрүлүп, колу коюлган соң гана тапшырылат. Эл өкүлү төш белгиге аяр мамиле кылып, эгерде жоготуп жиберсе аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына анын дубликатын берүү боюнча арыз тапшыруусу зарыл. Эгерде депутат каза тапса, атрибутаттар анын үй-бүлөсүндө калат. 

Жергиликтүү кеңешке шайлоо Кыргызстанда 2016-жылдын 11-декабрында өтөт. Ал 380 айыл аймак менен 22 шаарды камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0