Ош: ЖОЖ окутуучусу суу жылытуучу аппарат ойлоп тапты

© Фото / Зульфия ТургуноваСуу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапкан Ош технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов
Суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапкан Ош технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акматовдун айтымында, аппаратты жасап чыгууга бир топ убакыт кеткен. Жаңы аппарат электрофизикалык иондоштуруу ыкмасы менен жасалган. Окутуучу бул эмгеги менен Москва шаарында уюштурулган көргөзмөгө дагы катышып келген.

ОШ, 22-ноя. — Sputnik. Ош технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапкан
Ош технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапкан - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапкан
© Фото / Зульфия ТургуноваАкматовдун айтымында, аппаратты жасап чыгууга бир топ убакыт кеткен. Жаңы аппарат электрофизикалык иондоштуруу ыкмасы менен жасалган.
Акматовдун айтымында, аппаратты жасап чыгууга бир топ убакыт кеткен. Жаңы аппарат электрофизикалык иондоштуруу ыкмасы менен жасалган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Акматовдун айтымында, аппаратты жасап чыгууга бир топ убакыт кеткен. Жаңы аппарат электрофизикалык иондоштуруу ыкмасы менен жасалган.
1/2
Ош технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапкан
2/2
Акматовдун айтымында, аппаратты жасап чыгууга бир топ убакыт кеткен. Жаңы аппарат электрофизикалык иондоштуруу ыкмасы менен жасалган.

Акматовдун айтымында, аппаратты жасап чыгууга бир топ убакыт кеткен. Жаңы аппарат электрофизикалык иондоштуруу ыкмасы менен жасалган. Окутуучу бул эмгеги менен Москва шаарында уюштурулган көргөзмөгө дагы катышып келген.

"Майда электроддорду пайдаландым, суу жылытуучу "Аристон" аппаратына караганда мен жасаган аппаратка электр энергиясы эки эсе аз коройт. Алсак, "Аристон" 250 вольт электр энергиясы менен суу жылытат. Эгерде энергиянын кубаттуулугу 150 вольтко түшсө ал сууну жылыта албай калат. Мен ойлоп тапкан аппарат 150 вольт энергия менен да сууну жылытуу күчүнө ээ", — дейт Акматов.

Оюнчуктардан робот жасаган мектеп окуучусу Тунук Омушев - Sputnik Кыргызстан
Оюнчуктардан робот жасаган мектеп окуучусу Тунук Омушев
Ал суу жылытуучу аппарат ойлоп тапканына Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы көңүл буруп койбогонуна нааразы экендигин билдирди. Ошентсе да бул эмгегин "Кыргыз патентке" каттатып койгон.

Акматов азырынча мындай аппарат өлкө аймагында жок экенин айтат. Андыктан электр энергиясын аз колдонгон жабдыкты элге жайылтса жакшы болмоктугун кошумчалады.

Бул аппарат Акматовдун докторлук иши. Аны ушул жылы жактай тургандыгын билдирген окутуучу өзүнүн аппаратын өндүрүшкө чыгаруунун аракетин көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0