Instagram түз алып көрсөтүү функциясын ишке киргизди

© AFP / THOMAS COEXПланшеттеги Instagram тиркемеси. Архив
Планшеттеги Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган функция тестирлөө этабында турган. Кеңейтилген кызматтардын арты менен түзүүчүлөр айына 500 миллиондон ашык колдонуучуга ээ болууну пландап жатат.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Популярдуу Instagram сүрөткызматы колдонуучулары үчүн Facebook менен Periscope сыяктуу түз алып көрсөтүү жана сүрөт менен видеолорду көргөндөн кийин өзү өчүп кала турган функцияларды кошту. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда жазылган. 

Түз алып көрсөтүү үчүн колдонуучу Instagram Stories бөлүмүнө кириш керек. Онлайн-трансляция иштей баштаган соң алдына лайк жана ой-пикирлер жазыла баштайт. Ал эми үстүнө канча адам видеону көргөндүгү белгиленип калат. 

Түз алып көрсөтүүнүн алдында колдонуучуларга билдирүү келет. Ал эми онлайн-трансляция бүтөөрү менен видео дароо жоголот, аны сактап калууга болбойт.

Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, аталган функция акырындык менен ишке кирип жатат. Бир жуманын ичинде толук кандуу иштеп баштайт. 

Ал эми өзүн өзү өчүрүү функциясы жеке маалымат жазышкан учурда гана колдонулуп жазуу окулгандан кийин заматта өчүрүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0