Окурман: кулаган дарактарды "Зеленстрой" отунга сатууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУпавшее дерево на проезжую часть проспекта Эркиндик
Упавшее дерево на проезжую часть проспекта Эркиндик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиев ишкана каалаган адамга дарактарды расмий түрдө сата аларын билдирди.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы кулаган дарактарды отун катары сатып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурманы WhatsApp-канал аркылуу билдирип, ишкана кызматкери бак-дарактарды баалап жаткан видеосун жөнөткөн. 

"Мен шаардагы кулаган бактарды "Зеленстрой" кыркып балдар үйүнө, пенсионерлерге берип жатабы деп текшерип көрдүм. Ишканага кирип кызматкеринин биринен "отун сатпайсыңарбы?" деп сурасам, ал Hyundai Porter унаасына бата турган көлөмдөгү отунду үйгө чейин 6 миң сомго жеткирерин айтты", — деп жазат окурман.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиевге кайрылганда, жетекчи аталган ишкана каалаган адамга дарактарды расмий түрдө сата аларын билдирди.

"Кыркылган дарактардын бир бөлүгүн мэриянын Социалдык коргоо башкармалыгы көрсөткөн даректерге жеткиребиз. Ал эми калган бөлүгүн биз сатабыз. Түшкөн акча биздин муниципалдык ишкананын казынасында калат ", — деди Элгондиев.

Мурда катуу жааган кардан төрт күн ичинде Бишкекте кулаган 73 дарак тазаланганы тууралуу маалымат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0