Балыкчы шаарынын кире беришине илинген желек 4 ирет айрылды

© Фото / © SputnikФлагшток при входе в город Балыкчи
Флагшток при входе в город Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарынын кире беришине ушул жайда туурасы 6, узуну 10 метр болгон желек илинген. Бирок шамал катуу болгондуктан ал бат эле айрылып түшкөн. Андан кийинки желектер 6-4 метр болуп кыскарган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Балыкчы шаарынын кире беришиндеги желек шамалдан улам төртүнчү жолу айрылып калганын аймактык кабарчы билдирди.

Шаардагы 30 метрлик бийиктиктеги желек бир жума мурун айрылып калганын Балыкчы мэриясынын маалымат кызматы да тастыктады.

© Фото / Бакыт КачкыновБалыкчы шаарынын кире беришиндеги желек шамалдан улам төртүнчү жолу айрылып калган
Балыкчы шаарынын кире беришиндеги желек шамалдан улам төртүнчү жолу айрылып калган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Балыкчы шаарынын кире беришиндеги желек шамалдан улам төртүнчү жолу айрылып калган
© Фото / © SputnikБалыкчы шаарынын кире беришине ушул жайда туурасы 6, узуну 10 метр болгон желек илинген.
Балыкчы шаарынын кире беришине ушул жайда туурасы 6, узуну 10 метр болгон желек илинген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Балыкчы шаарынын кире беришине ушул жайда туурасы 6, узуну 10 метр болгон желек илинген.
1/2
Балыкчы шаарынын кире беришиндеги желек шамалдан улам төртүнчү жолу айрылып калган
2/2
Балыкчы шаарынын кире беришине ушул жайда туурасы 6, узуну 10 метр болгон желек илинген.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын кире беришине ушул жайда туурасы 6, узуну 10 метр болгон желек илинген. Бирок катуу шамалдан улам ал бат эле айрылып түшкөн. Андан кийинки желектер 6-4 метр болуп кыскарган.

"Желек айрылып калганына бир жумадай болуп калды. Бирок аны айрылган боюнча эле таштап койбой кайта алмаштырып турабыз. Флагштокту жеке компания коюп берип, кошумча дагы желек таштап кеткен. Алардын баарын илдик. Балыкчы шаарында шамал катуу болгондуктан жөнөкөй материалдан тигилген желектер бат эле тытылып калат экен. Андыктан азыр шамалга туруктуу келген материалдарды караштырып жатабыз", — деди мэриянын маалымат кызматынын өкүлү Адилет Бейшеналиев.

Мэриянын билдирүүсүндө желекти карап туруу милдети Балыкчы шаардык коммуналдык тейлөө ишканасына жүктөлгөн.

Бейшеналиев кышында Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал болуп турарын кошумчалады.

Дүйнөдөгү эң бийик флагштоктордун тизмесин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0