Азиз Мурадиллаев ооругандан бери биринчи ролун бүгүн ойнойт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАктер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү
Актер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер спектаклде айтылуу актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун досунун образын жаратат.

БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. Бүгүн борбор калаадагы ресторандардын биринде актер Азиз Мурадиллаев операциядан кийин биринчи жолу роль жаратып, "Акыркы чакырык" спектаклинин бет ачарында ойнойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине актер Мурадиллаев кабарлады. 

"Азыр даярданып жатам. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. Спектаклде айтылуу Сүймөнкул Чокморов агайыбыздын досунун образын жаратам. Көпчүлүктү ооругандан кийин ролду кандай деңгээлде ойноорум кызыктырып жатса керек. Ага бүгүнкү бет ачарга келген көрөрмандар баа берет", — деди Мурадиллаев. 

Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
Радио
Азиз Мурадиллаев: Сүймөнкул Чокморовдун досунун ролун жаратканы жатам
Ал эми спектаклдин уюштуруучусу Ассоль Молдокматова пьесаны бет ачардан кийин Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмалык театрында коюуну да пландап жаткандыктарын айтты. 

Эске сала кетсек, актер Мурадиллаев октябрь айынан башында боор илдети менен ооруканага түшүп, бир нече жумадан кийин Москванын ооруканаларынын биринде ага операциялардын биринчи этабы жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0