Кара-Кулжада кар кесепетинен жабылган мектеп, бала бакчалар иштей баштады

© Фото / Зульфия ТургуноваОбильные осадки в Кара-Кульжинском районе Ошской области
Обильные осадки в Кара-Кульжинском районе Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акимдин айтымында, учурда ички жолдор кардан тазаланып, ал эми электр жарыгы үзгүлтүккө учураган айылдарга электр жарыгы толугу менен берилди.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда калың жааган кардан улам жарыяланган өзгөчө кырдаал кечээ, 23-ноябрь күнү алынып, мектеп менен бала бакчалар кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу райондун жетекчиси Каныбек Алиязов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Анын айтымында, катаал шарттан улам ишин убактылуу токтоткон 9 мектеп жана беш бала бакча 22-ноябрдан баштап кайрадан иштей баштады.

Токмоктогу балдар үйүндө 15 градус гана жылуу - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу балдар үйүндө 15 градус гана жылуу
Эске сала кетсек, Кара-Кулжа районунда 18-ноябрдан баштап өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын, шарттын катаалдыгынан улам 9 мектеп жана беш бала бакчанын иши убактылуу токтотуп, билим берүү үзгүлтүккө учурагандыгын акими Алиязов билдирген.

17-ноябрь түнү Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан. Андан улам Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коочаты айылдарында, Алайкуу айыл аймагынын Көгарт, Кан-Коргон айылдарында ички чарбалык жолдор жабылып калган. 

Алиязов учурда ички жолдор кардан тазаланып, ал эми электр жарыгы үзгүлтүккө учураган айылдарга электр жарыгы толугу менен берилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0