Мэрия: жаңы жылдык башкы балаты былтыркыдан кем болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековУстановка главной елки страны на площади Ала-Тоо
Установка главной елки страны на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтына коюла турган башкы жаңы жылдык балаты 19-декабрда жанат. Балатынын бийиктиги 22 метрди түзмөкчү.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына тургузулчу жаңы жылдык башкы балаты былтыркыдан жаман болбостугун мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы жылдык балатынын оттору 19-декабрда жанат. Азырынча мэрия балатыны кандай кооздой турганын сыр боюнча калтырды. "Сюрприздер" күтүп жатканын кошумчалады. Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 22 метрди түзүп, 4-декабрдан тарта жасалгалана башталат.

"Жаңы жылдык балаты былтыркыдан жаман болбойт", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө. 

Муну менен катар мэрия жаңы жылдык мыкты жасалгалоого төмөнкү номинациялар боюнча сынак жарыялады:

  • "Райондогу мыкты жаңы жылдык жасалгалоо";
  • "Министрликтеги жана администартивдик бөлүмдөгү мыкты жасалгалоо";
  • "Саламаттык сактоо, билим берүү, маданий жана шаардык кызматтардагы жана мэриянын бөлүмдөрүндөгү мыкты жаңы жылдык жасалгалоо";
  • "Соода борборлорундагы жана базарлардагы мыкты жаңы жылдык жасалгалоо";
  • "Сырттагы мыкты жаңы жылдык жасалгалоо".

Жеңүүчүлөр кооздугу, өң-түсү, оригиналдуулугу сыяктуу критерийлери аркылуу тандалат.

Былтыркы жылы да балаты 19-декабрда коюлган. Анын бийиктиги 25 метрди түзүп, диаметри 12 метрге жеткен. Ал Кытайдан алынып келинген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0