Министрлик: январдын башында бир нече күндөп эс алуу болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековБалатынын жанындагы шаар жашоочулары. Архив
Балатынын жанындагы шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар былтыр, жаңы жылдын биринчи айында жети күн катары менен эс алган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Быйыл жыл башында кыргызстандыктар бир нече күн катары менен эс албайт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Установка главной елки страны на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: жаңы жылдык башкы балаты былтыркыдан кем болбойт
Эмгек Кодексине ылайык, 1-январь жекшембиге туура келгендиктен, дүйшөмбү — 2-январь дем алуу күн деп эсептелерин билдирди. Ал эми 3-январда эл ишке чыгат.

Ал эми 7-январь (Иса пайгамбардын туулган күнү) кызыл күн деп белгиленип, бирок, ал ишембиге туура келип, Эмгек Кодексине ылайык, дүйшөмбү — 9-январда эл эс алат.

2015-жылдын башына кыргызстандыктар январдын биринен жетисине чейин эс алган. Экинчи, бешинчи жана алтынча январды өкмөт токтом чыгарып, кийинки үч айдын эс алуу күндөрүн бөлүштүрүп койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0