Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет. Балаңызга пайдалуу деген 10 ийрим

© Sputnik / Табылды КадырбековВсе профессии нужны, все профессии важны!
Все профессии нужны, все профессии важны! - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын жөндөмүн аныктап, талантын ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн ийримдер улам жаңыдан ачылууда. Акыркы кезде ата-энелер да акчаларын аябай балдарын түрдүү ийримдерге жаздырып, келечегине өзгөчө көңүл бура баштан тенденцияны байкоого болот.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө жардам берген жана кызыктуу ийримдерди тизмектеп көрдү.

1. Шахмат. Балдар арасында интеллектуалдык аң-сезимди жогорулаткан ийримдердин бири. Бул ийрим кыздар-балдарга бирдей кызыктуу жана пайдалуу. Шахматты үйрөнгөн өспүрүмдөргө туура чечим чыгарууга, логикалык жана аналитикалык түрдө ой жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул ийрим кичинекейлерди алты жаштан тарта кабыл алып, 18 жашка чейин үйрөтөт. 

2. Менталдык арифметика. Кыргызстанда баланын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүргөн дагы бир жаңы методика — менталдык арифметика пайда болду. Ал баланын эске тутуусун жакшыртып, аналитикалык жана чыгармачыл ойлонууга жол ачып, элестетүүнү өнүктүрүп, ойду бир жерге топтоого жардам берет. Бул боюнча Бишкектеги борбор беш жаштан 12 жашка чейинки балдары кабыл алат. 

Кыргызстандык ойлоп табуучулардын эмгектерине арналган көргөзмө - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ойлоп табуучулардын эмгектерине арналган көргөзмө
3. Жаш ойлоп тапкыч. Келечекте учкуч, космонавт, конструктор болгусу келген эркек балдар көп. Бул тармакта балдардын өнөрүн өркүндөтүүгө "Алтын түйүн" техника-инженердик балдар академиясы бар. Бул жерден балдар авиамоделдөө, робот жасоо, ар түрдүү учак, кеме, унаалардын макеттерин жасаганды үйрөнө алышат. Борборго балдар беш жаштан баштап берүүгө болот. 

4. Сүрөт дүйнөсү. Дагы бир кызыктуу ийримдердин катарын сүрөт тартуу ийрими толуктайт. Бул жерден балдар бир гана сүрөт тартканды үйрөнбөстөн, живопись, жиптен жана шурудан ар түрдүү кооздуктарды жасаганды үйрөнө алат. Мындай борборлордун катарына "Балажан" методикалык окутуу борбору жана "Алтын түйүн" техника-инженердик балдар академиясы кирет. Алар балдарды төрт жаштан өйдө кабыл алат.

5. Кумга сүрөт тартуу. Көркөм өнөрдүн дагы бир тармагы. Кумга сүрөт тартуу балдардын фантазиясын өнүктүрүп, логикалык жана абстарктык ой жүгүртүүнү жакшыртат. Колдун тез иштешине жана тактыкка үйрөтөт. Бул жакка бөбөктөрдү төрт жаштан тарта берсе болот.

6. Ыр-хор ийрими. Балаңызды өнөр адамы катары көрүп, келечекте искусство тармагына аралаштырам десеңиз, анда ыр-хор ийримдери ылайыктуу. Мындай өнөрдү үйрөткөнгө "Ак шоола" балдар хору жардам берет. Борбордо балдар эки жашынан баштап тарбияланып, руханий эстетикалык жактан өнүгөт.

7. Бий ийримдери. Бүгүнкү күндө бий ийримдери боюнча мектептер көп. Алардын ар биринде, хореография, балет боюнча сабактар өтүлүп, ар түрдүү улуттун бийлери үйрөтүлөт. Мындан сырткары бий кыздардын жана балдардын дене боюнун туура өсүүсүнө жардам берип, активдүү жашоо образын алып жүрүүгө жол ачат. Бөбөктү бий дүйнөсүнө аралаштыруу үчүн төрт жаштан тарта алып келсеңиз болот. 

Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт: эмне кылсаңар да Манас ата өлбөйт
8. Комуз ийрими. Акыркы мезгилде балдарын музыкалык аспаптарда ойноого үйрөткүсү келген ата-энелердин саны арбыды. Анын ичинде кыргыздын улуттук аспабы комуз да бар. Бала комузду үйрөнүү менен бирге рухий дүйнөсү байып, адеп — ахлахтык мүнөзү тарбияланат. Адистердин айтымында балдар жети жашынан баштап комуз менен толук алектене алат. Балдарын улуттук аспапка үйрөткүлөрү келген ата-энелер үчүн "Балажан" методикалык борборундагы "Мурас" комузчулдар ансамблине кайрылса болот.

9. Дизайнердик ийрим. Дагы бир өзгөчө ийримдердин катарын кыздар үчүн дизайнердик өнөр толуктайт. "Алтын түйүн" техника-инженердик балдар академиясынын дизайнердик ийримине ата-энелер балдарын 10 жашынан баштап бере алышат. Бул жерден алар ар түрдүү кийим-кечелердин үлгүсүн жасаганды, бычканды, кийим тиккенди, дефиленин негиздерин үйрөнө алышат.

10. Балдар театры. Балдар театры бөбөктөрдүн артисттик жөндөмүн өркүндөтүп, келечектеги мыкты артист болбосо да талантын ачууга жардам берет. "Балажан" балдар борборундагы жаш артисттер үчүн театрга үч жаштан беш жашка чейинки артисттик өнөрү бар өспүрүмдөр кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0