Ашхабад — Бишкек — Ашхабад түз аба каттамы ачылат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРабота международного аэропорта Калининграда "Храброво"
Работа международного аэропорта Калининграда Храброво - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимге эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү тарабынан кол коюлган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги менен чогуу Түркмөнстандын бийлиги менен "Ашхабад — Бишкек — Ашхабад" түз каттамын ачуу жөнүндө документке кол коюшканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Келишимге туруктуу транспорт системасы аттуу глобалдык конференциянын алкагындагы кыргыз түркмөн делегацияларынын жолугушуусунда кол коюлган.

Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалып жатат
Кыргызстандык делегацияны биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев жетектеп барган.

Абулгазиев өз сөзүндө эл аралык автомобиль, темир жолду жана аба каттамын кеңейтүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айткан.

Жекшемби күнү Ашхабадда БУУнун колдоосу менен туруктуу транспорт системасы боюнча Глобалдык конференция башталды. Кыргызстандын делегациясынын курамында транспорт министри Жамшитбек Калилов, Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0