Бишкекте 10,8 миң адам сасык тумоого кабылды, эпидемия жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМедициналык маска кийген кыздын архивдик сүрөтү
Медициналык маска кийген кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин мектептеринде окуучулардын окууга келиши боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 14-ноябрдан тарта Бишкекте сасык тумоого кабылгандардын саны кескин өсүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору Артур Буюклянов билдирди.

© Sputnik / Данияр СандыбаевБишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору Артур Буюклянов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда берген маалымат жыйынында
Директор столичного департамента по профилактике заболеваний Центра государственного санитарно-эпидемиологического надзора Артур Буюклянов на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору Артур Буюклянов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда берген маалымат жыйынында

"Бишкектин мектептеринде окуучулардын окууга келиши боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. 18 мектепте жана беш бала бакчада жылытуу системасы текшерилип, мурдагы санитардык тапшырмаларды аткаргандыгы боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө", — деп билдирди Буюклянов. 

Анын айтымында сасык тумоого кабылуу былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 15 пайызга көбүрөөк. 

Жаңылыктар түрмөгү
0