Дарыгерлер: сасык тумоону антибиотиктер менен дарылоого болбойт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДары дармектер. Архив
Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте 27-ноябрга карата сасык тумоолоп калган 10,7 миң учур катталган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкектеги сасык тумоого кабылгандардын көпчүлүгүн (66,4 пайызы) 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда билдирди. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевРеспубликалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда
Заместитель главного врача Республиканской клинической инфекционной больницы Айнура Узакбаева - Sputnik Кыргызстан
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда

Анын айтымында, сасык тумоого кабылган адам аталган илдетти башкаларга жуктурбаш үчүн үйдө отурушу керек. Ошондой эле дарыгер ооруган адам өз алдынча дарыланбастан биринчи иретте үй-бүлөлүк бейтапканага баруу керектигин сунуштайт. Ал эми эмчектеги балдар тумоолоп калса, алардын иммунитетин көтөрүү максатында тез-тезден эмизип туруу зарылдыгын айтышты.

"Сасык тумоолоп калган балдарга эч качан антибиотик жазып берүүгө болбойт. Антибиотиктерди жөн эле колдоно берүү адамдын иммунитетин төмөндөтөт. Үй-бүлөлүк дарыгер жазып берген дарыны гана колдонуу керек ", — деди Узакбаева.

Дарыгерлер аталган илдетке кабылгандар оору жугуштуу болгондуктан көп адамдар менен байланышпоону сунуштайт. Ооруган адам бир колдоно турган маска тагынып, аны эки саат сайын алмаштырып туруусу зарыл.

Бишкекте 27-ноябрга карата сасык тумоолоп калган 10,7 миң учур катталган. Бул сан былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 9,3 миң учурга көптүк кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0