Мектептеги мугалимдер карантин убагында. Архивдик сүрөт

Бишкектеги жети мектеп сасык тумоодон улам карантинге жабылды

88
(жаңыланган 13:47 30.11.2016)
Карантинден улам жабылган билим жайларында балдардын 30 пайызга жакыны сабакка келбей калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкектеги жети мектеп сасык тумоодон улам карантинге жабылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Ооруларды алдын алуу боюнча Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоодон улам төмөнкү мектептер карантинге жабылды.

"Бишкектеги №6, №12 №22 №28 №40 №57 №79 мектептер жабылды. Сасык тумоолоп жабылган билим жайларында балдардын 30 пайызга жакыны сабакка келбей калган", — деди Буюклянов.

Ал борбор калаадагы сасык тумоого кабылган 10 миңге чукул шаардыктардын 60 пайызы балдар экендигин белгиледи. 

"Мындан сырткары сарык менен ооруган учурлар бар, бирок, мындан улам карантин киргизе тургандай абалда эмес", — деп кошумчалады дарыгер. 

Бир аз мурдараак шаарда сасык тумоонун арбышынан улам, медициналык жайлар беш эмес, алты күндүк иштөө тартибине өткөндүгү кабарланган.

88
Белгилер:
карантин, мектеп, сасык тумоо, Бишкек
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Дарыгерлер: сасык тумоону антибиотиктер менен дарылоого болбойт
Бишкекте 10,8 миң адам сасык тумоого кабылды, эпидемия жок
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

8
(жаңыланган 17:44 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

8
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
Бишкектеги көргөзмө. Архив

"Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийин" көрүп кетиңиз. Бишкектеги көргөзмө

37
(жаңыланган 16:34 23.06.2021)
Көргөзмөнүн максаты — адамзатты сууга жана климаттын өзгөрүшүнөн улам азайып бараткан баалуу байлыктардын бири мөңгүлөргө аяр мамиле жасоого чакыруу.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында "Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийи" деп аталган көргөзмө өтүп, ага Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн сүрөтү коюлат. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинен билдиришти.

Кыргызстандын жаратылышынан сырткары "Мөңгүлөрдүн агониясы" деп аталган тоо чыгармачылыгы боюнча туруктуу долбоордун көргөзмөсүндөгү эмгектер да коомчулукка тартууланат.

Көргөзмөнүн максаты — адамзатты сууга жана климаттын өзгөрүшүнөн улам азайып бараткан баалуу байлыктардын бири мөңгүлөргө аяр мамиле жасоого чакыруу.

Бишкектиктер жана шаардын коноктору уникалдуу сүрөттөрдү 25-июндан тарта 9-июлга чейин көрө алат. Көргөзмөгө Жерди прикладдык изилдөө боюнча Борбор Азия институту берген сүрөттөр коюлары айтылды.

Каалоочулар 25-июндан тарта "Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийин" Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинен көрө алышат.

Бул иш-чара БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конвенциясынын 26-конференциясынын алкагында өтүп жатканы айтылды.

37
Белгилер:
көргөзмө, сүрөт, Мөңгү, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 80 жыл. Канттагы аскердик базада эскеришти
Бишкекте кафе-ресторандарга коюлган чектөөлөр алып салынды