Бишкек: дагы эки мектеп карантинге жабылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВ Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа
В Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка мектептер боюнча чечим 2-декабрда кабыл алынат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Борбор калаада сасык тумоодон улам тогуз мектеп карантинге жабылды деп билдиришти мэриядан. 

Буга чейин орто билим берүүчү жети мекеме сасык тумоодон улам жабылгандыгы кабарланган.

Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер: сасык тумоону антибиотиктер менен дарылоого болбойт
Оорулардын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мекеменин маалыматында учурда карантинге жабылган мектептердин саны тогузга жетти. 

Бул апта ичинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мекеме Бишкекте мектептердин ичинен 34үн текшерип чыккан. Анда №6, №12 №22 №28 №40 №57 №79 мектептерде сасык тумоолоп балдардын 30 пайызга жакыны сабакка келбей калганы аныкталган. 

Мындан улам, бүгүнтөдөн тарта келерки дүйшөмбүгө чейин мектептердеги окуу процессин убактылуу токтотуп туруу токтому чыккан. Медицина кызматкерлери башка мектептерди текшерүүнү улантып жатат. Калган мектептер боюнча чечим мэриянын координациялык комитетинин 2-декабрда боло турган жыйынында кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0