Окумуштуулар спорттун кайсы түрү ден соолукка көбүрөөк пайдалуу экендигин аныкташты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат республики по плаванию в Бишкеке
Чемпионат республики по плаванию в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттун түрлөрү кайсы бир органга же дененин бир бөлүгүнө ар кандай таасир этери аныкталды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Сууга сүзүү, аэробика, теннис жана велосипед тебүү боюнча спорттун түрлөрү ден соолукка абдан пайдалуу экендигин окумуштуулар аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости British Journal of Sports Medicine журналына шилтеме жасап маалымдады. 

Сидней университетинин окумуштуулары мындай тыянакка Улуу Британия менен Австралиянын социалдык кызматынын 1994-жылдан 2006-жылга чейинки медициналык маалыматтарын колдонуп, 80 миңдей спорт менен алектенген адамдарды көзөмөлгө алгандан кийин келишкен. 

Изилдөөчүлөр мындай өзгөчөлүктөр спорттун түрлөрү ден соолукка ар кандай таасир этерин көрсөтүп жатканын белгилешет. 

"Спорттун түрлөрү кайсы бир органга же дененин бир бөлүгүнө ар кандай таасир бергендиктен жалпы дененин саламаттыгы үчүн спорттук комбинацияны иштеп чыгуу талабы бар", — деп айтылат маалыматта. 

Сууга сүзүү менен аэробика өлүмдүн санын 27-28 пайызга кыскартса, велоспорт жүрөк ооруларын алдын ала турганы анык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0