ВИЧ менен жабыркаган келин: экинчи наристемди күтүп жатам

© AFP / LOIC VENANCEКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
36 жаштагы Бурул ВИЧ инфекциясынын биринчи баскычы менен жабыркайт. Бул тууралуу өзүнөн башка жолдошу, апасы, кайын энеси гана билет. Он жыл убакыт өтсө да атасына "ооруп калдым" деп айтууга батына албай, аны аяп келет.

Бүгүн ВИЧ инфекциясы менен күрөшүүнүн эл аралык күнү. Журналист Гүлдана Талантбекова бул илдетке туруштук берип келе жаткан адамдар менен маңдай-тескей отуруп, оюн тең бөлүштү.

Ооруну кантип, кайдан жугузганым мен үчүн табышмак

В вирусологической лаборатории Центра по профилактике и борьбе со СПИДом и инфекционными заболеваниями - Sputnik Кыргызстан
Екатеринбургда ар бир 50-тургун ВИЧ оорусуна чалдыккан
25 жашымда аты жаман ооруга чалдыктым. Алгач бөйрөгүм ооруп бейтапканага жатып калдым. Көпкө дарыландым, бирок андан майнап чыккан жок. Дарыгерлер лабораторияга, андан кийин шаардык инфекциялык бейтапканга жөнөтүштү. Текшерилип отуруп, көп убакыттан кийин билдим… Ошол күнү бейтапканага апам менен барып, ал мени сыртта күтүп отурган. Дарыгердин сөзүнөн кийин дендароо болуп чыгып "апа, менде ВИЧ инфекциялары бар экен" десем, апам мени аядыбы, айтор, дароо эле "дарылайбыз кызым, дарыланабыз!" деди. Оору каяктан, эмне болуп жукканын түшүнгөн жокмун. Азыр деле эмне болуп бул оору мага жабышканын билбей келем. Ал кезде жыныстык катнашта деле болгон эмесмин. Бирок көп жолу ооруп, бейтапканадан башым чыкпай жүргөн күндөр болгон. Бул оору билгизбей жүрө берет экен. Качан гана иммунитет төмөндөгөндө мен оору дегендин баары жармашат тура. Организмдин кайсы жагында оору болсо, ошолор көбүрөөк күчөп баштаарын сездим. Негизи бөйрөгүм катуу оорубаса, жүрө бермек окшойм.

Жолдошум оорумду билип туруп үйлөнгөн

Жолдошум экөөбүздү мен ооруганга чейин кудалап коюшкан. Ортодо бир жыл сүйлөшүп жүрүп, мен Россияга сиңдилерим менен иштегене кеткем. Келип эле ооруп калдым. Катуу суук тийип, жаман акыбалда келгенимди билем. Үйлөнүү той жакындаганда жолдошум менен сүйлөшкөндөн качып, ар кайсы шылтоону айта баштадым. Акыры жанымды койбой ээрчип алганда "менден башка кызды караштырбайсыңбы, менин ушундай оорум бар" десем, "алсам сенин ооруңду эмес, өзүңдү алып жатам" деп чоочуп, кетенчиктебей эле түшүнүү менен кабыл алды. Мен күйөөгө тийбейм го деп ойлогом. Кайын энем да туура кабыл алды. Өзү медицина кызматкери болгондуктан, мага көп жардам берет. Учурда менин оорум тууралуу апам, кайын энем, жолдошум гана билет. Атамдын кан басымы жогору. Кымындай нерсе үчүн бейтапканага жатып кала берет. Ошондуктан оорум ага катуу тийип, жабыр тартып калышын каалабайм.

Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кардиолог Абдраманов: Кыргызстанда жаштар арасында жүрөк оорулары көбөйүп жатат
Маалы менен дарымды ичип тургандыктан жыныстык катнашта жолдошума жукпайт экен. Жолдошум менен уулум ооруну алдын алып үч айда, жарым жылда бир анализ тапшырып турушат. Азыр дарыны маал-маалы менен эле ичкеним болбосо, көп деле оорубайм. Мага караганда үйдөгүлөр сасык тумоого тез кабылышат. Өзүмө тийиштүү анализди үч айда бир тапшырып, ошого карап кайсы жагымда деффект бар болсо, ошого жараша дарыгерлердин жардамын алам. Эч ким деле сен ооруйсуң деп басмырлабайт. Эң башкысы эч кимге ооруну жугузган жокмун. Башка адамдардан өзүмдү бөтөнчөмүн деп эсептебейм.

Экинчи наристемди күтүп жатам

Кайрымдуулук фондунда жана жеке фирмада менеджер болуп иштейм. Азыр боюмда болгондуктан көп жакка чыга албай үйдө отурам. Жолдошум медицина тармагында эмгектенет. Улуу балабыз эркек бала. Экинчиси төрт айлык боюмда бар. Кыз төрөп алсамбы дегем, бул да эркек окшойт (күлүп). Бала төрөгөндө кыйналган жокмун. Үйлөнгөндөн кийин дароо эле боюма бүткөн. Бирок өкүнүчтүүсү — балаңды эмизе албайсың. Уулума ботко берип, сүт алып келип чоңойттум.

Адам сөзсүз оорудан өлөт деген түшүнүк болбошу керек

ВИЧ илдетин жок кылса болот бекен деген суроо менен интернетти тешип бүттүм окшойт. Мурун беш-алты таблетканы бир ичсек, азыр медицинада схемалар өзгөрүлүп бир күндө бирден гана дары ичип жатабыз. Бизде республика боюнча дарыларды бекер бергенине ыраазыбыз. Башка өлкөлөргө ВИЧ СПИД менен ооругандар дарыны сатып алышат экен.

Пляждагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарылабаса, эмне болот? Кыргызстанда көп кездешүүчү жыныстык оорулар
Ар бир адамдын жашоосу өз колунда. Ооруну укканда өзүн таштабаганга аракет кылышы керек. Кандай болгон күндө да жараткандын сыноосу деп түшүнөм. Бир жерден туура эмес иш кылып, азап тартып жатамбы деп ойлонуп кетем. Мындай учурда адам өзүн кармашы керек. Ичип, чегип, адамгерчиликтен чыгып кетүү болбойт го. ВИЧ СПИДден адам өлөт деп айтышат экен. Сөзсүз эле оорудан өлөт деген түшүнүк болбошу керек. Үйдөн жакшынакай чыгып, машине сүзүп кетип каза болгондор деле болуп жатпайбы? Ошондуктан бул буйрук деп айтаар элем. Мен оору менен он жылдан бери күрөшүп келем, дагы уланта берем.

Кеңеш катары айта турчу эки ооз кебим бар. Азыр көбү ВИЧ инфекциясын жыныстык катнаш аркылуу жугат деп калышат. Ал үчүн коргонуучу каражаттар менен сактаныш керек. Ар ким менен кошула берген болбойт. Салондорго барып татуаж, сурма жасаткандар, баняга, саунага баш баккандар гигиеналык жактан этият болушу зарыл. Азыр бейтапканадагы мурда колдонулган ийнеден деле жугат. Анан, албетте, иммунитетти чыңдап, ден-соолукту бекем алып жүрүү маанилүү.

Кыргызстандын кайсы аймагында ВИЧке кабылган бейтаптардын саны арбын экенин Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0