Нарында ВИЧ инфекциясын жуктурган 124 адам катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в Нарынской области
Повседневная жизнь в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Нарын шаарынын борбордук аянтында атайын флешмоб өттү.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Нарын облусунда акыркы 10 айдын жыйынтыгы боюнча 124 адам ВИЧ инфекциясын жуктурганы маалым болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. 

Бүгүн, 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Нарын шаарынын борбордук аянтында атайын флешмоб өттү. 

"Мындан тышкары облустун бардык аймактарындагы окуу жайларда, мектептерде, мекемелер менен ишканаларда СПИД жөнүндө тегерек стол өтүп, буклеттер таратылды", — деп билдирди Дүйшөк кызы. 

Нарын облусу боюнча акыркы 10 айдын ичинде 124 адам ВИЧ инфекциясын жугузуп алган болсо, алардын 32си Бишкек шаарында жашап келет. Эки жыл мурун облуста инфекцияны алып жүрүүчүлөрдүн эң жашы 24тө болсо, быйыл 17 жаштагы жаран катталган.

Кыргызстандын кайсы аймагында ВИЧке кабылган бейтаптардын саны арбын экенин Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0