Бишкекте 1,5 миң ийне жалбырактуу бактын түрү отургузула баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековСубботник в Ботаническом саду им. Э.Гареева
Субботник в Ботаническом саду им. Э.Гареева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ийне жалбырактуу бактар борбор калаанын токой питомниктеринде өстүрүлгөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкеке жаңы жылга чейин 1,5 миң ийне жалбырактуу бактын түрү отургузулат. Бул тууралуу "Зеленстрой" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди. 

Анын айтымында, ийне жалбырактуу бактарды отургузуу иши жума күнү эртең менен башталып 20-декабрга чейин бүтүп калат.

"Бишкектин он көчөсүндө жана Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында 600гө чукул арча жана 800дөн ашуун туя отургузула баштады. Шаардыктар туянын жөнөкөй жана бырышкан эки түрүн көрө алышат", — деди Кравер.

Агрономдун айтымында, ийне жалбырактуу бактар борбор калаанын токой питомниктеринде өстүрүлгөн.

Туя же өмүр багы — кипарис (Cupressaceae) өсүмдүктөрүнүн тукумуна кирет.

Арча —ири дарак сымал арчанын бир түрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0