Жаңы курулуп жаткан мечиттин асмандан көрүнүшү

Муфтият: борбордук мечиттин курулушу кийинки жылдын июнь айында бүтөт

152
Белгилей кетсек, жаңы борбордук мечит Түркия мамлекетинин "Дианет" фонду тарабынан курулууда.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президент аппаратынын жетекчисинин орун басары Аалы Карашев жана муфтий Максат ажы Токтомушев жаңы курулуп жаткан мечитке зыярат кылышып, андагы курулуш менен жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Бишкектеги борбордук мечиттин асмандан көрүнүшү. Көк тиреген мунаралар
© Sputnik / Акылбек Батырбеков, музыка Залина Касымова
Белгилей кетсек, жаңы борбордук мечит Түркия мамлекетинин "Дианет" фонду тарабынан курулууда.

Борбор Азиядагы эң ири мечитти куруп жаткан компаниянын Кыргызстандагы директору Саакинбей Пынарбашы Аалы Карашевге жана келген конокторго мечиттин курулушу 2017-жылдын июнь айларында бүтөрүн айтып, жарандар үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштырды. 

Ал эми азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечит түрк эли менен кыргыз элинин алакасын бекемдеп, жалпы мусулмандар үчүн чоң белек болорун баса белгиледи.

152
Белгилер:
мечит, Аалы Карашев, Максатбек ажы Токтомушев
Тема боюнча
ИИМ: эгемендүүлүк алганы Кыргызстанда мечиттин саны 70 эсеге көбөйдү
Грецияда мечиттин курулушуна каршы чыккандар кармалды