Жээнбеков майыптарды реабилитациялоо борборуна 200 миң сом берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦентр реабилитации лиц с ограниченными возможностями здоровья в Бишкеке
Центр реабилитации лиц с ограниченными возможностями здоровья в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы эмгек жамаатына алардын эмгеги жана майыптарга мээримдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборуна барып, 200 миң сом берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Өкмөт башчы борбордун имаратын кыдырып чыгып, эмгек жамаат жана тарбиялануучулары менен баарлашты. 

Мекеме директору Гүлнара Аманкулованын айтымында, борбор 1999-жылдан тарта иш алып барат.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборуна барып, 200 миң сом берди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборуна барып, 200 миң сом берди. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборуна барып, 200 миң сом берди.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчы борбордун имаратын кыдырып чыгып, эмгек жамаат жана тарбиялануучулары менен баарлашты.
Өкмөт башчы борбордун имаратын кыдырып чыгып, эмгек жамаат жана тарбиялануучулары менен баарлашты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өкмөт башчы борбордун имаратын кыдырып чыгып, эмгек жамаат жана тарбиялануучулары менен баарлашты.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМекеме директору Гүлнара Аманкулованын айтымында, борбор 1999-жылдан тарта иш алып барат.
Мекеме директору Гүлнара Аманкулованын айтымында, борбор 1999-жылдан тарта иш алып барат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мекеме директору Гүлнара Аманкулованын айтымында, борбор 1999-жылдан тарта иш алып барат.
1/3
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборуна барып, 200 миң сом берди.
2/3
Өкмөт башчы борбордун имаратын кыдырып чыгып, эмгек жамаат жана тарбиялануучулары менен баарлашты.
3/3
Мекеме директору Гүлнара Аманкулованын айтымында, борбор 1999-жылдан тарта иш алып барат.

"Негизги максат — мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн көп багыттуу адискөй реабилитациялык көмөк көрсөтүү, өзүн-өзү тейлөө, эмгек терапиясы ыкмалары аркылуу алардын көз карандысыз жашоо образына жетишүүсүнө көмөк берүү. Борборго 2016-жылдын 11 айында 300дөн ашуун адам келген", — деди ал.

Школьная столовая - Sputnik Кыргызстан
Ак-Суудагы психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасы жаңы ашканалуу болду
Жээнбеков жалпы күч-аракет аркылуу майыптар үчүн билим берүү, жумуш менен камсыздоо, саламаттык сактоо, социалдык жана укуктук колдоо көрсөтүү тутуму сыяктуу негизги ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо зарылдыгын айтты.

Өкмөт башчы эмгек жамаатын алардын эмгеги жана майыптарга мээримдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборунун директоруна 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0