Каракол шаарынын кире беришине "кооз дарбаза" курулат

© Фото / Азамат АйтбаевКаракол шаарына көрүнүш. Архив
Каракол шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сынакты өткөрө турган жана мыкты дизайнерлик иштерди тандай турган жумушчу топ түзүлүп жатат. Сынактын жеңүүчүсү 100 миң сом менен сыйланат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына кире беришине мыкты дарбаза дизайнына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Караколдогу зоопарктын жетекчиси: акчанын жогу жаныбарларга кесепетин тийгизип жатат - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу зоопарктын жетекчиси: акчанын жогу жаныбарларга кесепетин тийгизип жатат
Каракол шаардык кеңешинин депутаттары жума күнү шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүнө архитектуралык курулуш куруу долбоорун колдошту.

Учурда сынакты өткөрө турган жана мыкты дизайнерлик иштерди тандай турган жумушчу топ түзүлүп жатат. Сынактын жеңүүчүсү 100 миң сом менен сыйланат.

Шаардын мэри Данияр Арпачиевдин айтымында, ачык сынакка каалоочулардын бардыгы катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0