Москвадагы метродон аялды куткарган Марат Исаев "жыл адамы" аталды

© Sputnik / Алексей ДружининРоссиядагы кыргыздар Москвадагы метродон аялды куткарып калган Марат Исаев
Россиядагы кыргыздар Москвадагы метродон аялды куткарып калган Марат Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда ийгилик жараткан мекендештерди кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү сыйлады.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиядагы кыргыздар Москвадагы метродон аялды куткарып калган Марат Исаевди "жыл адамы" аташканын РФтеги Кыргызстандын элчилиги билдирди.

Москва шаарында жыл сайын берилүүчү "Ишкер аудитория Awards 2016" сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. 

Бул сыйлык быйыл Россияда ишкер, маданият, социалдык жана саясий жаатта ийгиликке жетишкен кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө берилди. Сыйлыкты Ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, "Ишкер аудитория" журналынын директору Кубанычбек Осмонбеков тапшырды.

Россия президентинин колунан медаль алган Исаев Путинге ыраазычылык билдирди
"Жылдын мамлекеттик ишмери" номинациясы Россиядагы элчи Болот Отунбаевге ыйгарылды.

"Жыл адамы" наамы Марат Исаевге берилсе, "Жылдын мекендеши" наамы "Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренкого (Ая) ыйгарылган.

Майрамдык концертке "Евровидения" сынагынын катышуучулары "Бурановские бабушки" тобу жана Россиянын башка артисттери катышкан.

Белгилей кетсек, Исаев 11-февралда Москвадагы метрого кулап калган аялды полиция кызматкери Артем Королюк менен чогуу куткарган. Бул эрдиги үчүн ал Россиянын президенти Владимир Путин менен КР өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевден медаль алган. Анын бул кадамын миңдеген интернет колдонуучулар колдоого алып, өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0