Cасык тумоо боюнча абалды өкмөт өзгөчө көзөмөлгө алды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВакцинациялоо. Архив
Вакцинациялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, сасык тумоо былтыркы жылга салыштырмалуу 5,8 пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо, Билим берүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылгандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, бүгүн, 6-декабрда вице-премьер министр Чолпон Султанбекова эпидемияга каршы чараларды жүргүзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. 

Жыйын учурунда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев сасык тумоо былтыркыга салыштырмалуу 5,8 пайызга жогорулаганын билдирген. 

"Ал эми Султанбекова сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууну жана оорунун алдын алуу боюнча калк арасында маалыматтык кампанияны күчөтүү тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта. 

Жыйындын акырында облустук жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга райондук жана шаардык мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тийиштүү мекемелердин деңгээлинде сасык тумоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0