Улуттук банк: акчадагы Алыкул Осмоновдун сүрөтү бир кыйла көркөмдөлдү

© Фото / пресс-служба Национального банка КРНовый дизайн банкнот IV серии номиналом 200, 500, 1 000 сомов
Новый дизайн банкнот IV серии номиналом 200, 500, 1 000 сомов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда социалдык тармакта кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун жаңы 200 сомдук акчага түшүрүлгөн сүрөтүндө көзү чалыр болуп калгандыгы жазылып, катуу талкууга түштү. Бул боюнча Улуттук Банк өзүнүн түшүндүрмөсүн берди.

БИШКЕК, 7-дек — Sputnik. Жаңыланган 200 сомдук акчага акын Алыкул Осмоновдун 2010-жылдагы банкноттогу сүрөттөрү өзгөрүүсүз түшүрүлгөн. Бул туурасында Улуттук Банктын маалымат кызматы билдирди.

Алыкул Осмоновдун 200 сомго түшүрүлгөн сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмоновдун 200 сомго түшүрүлгөн сүрөтү социалдык тармакта сынга алынды
Бул шейшемби күнү Улуттук Банк Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда улуттук валютанын IV сериясындагы жакшыртылган 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарын кабарлаган. Маалыматта өркүндөтүлгөн акчаларды 1-январдан баштап пайдаланып калары айтылган. 

Анткен менен социалдык тармактардын колдонуучуларынын бири 200 сомдук акчага түшүрүлгөн акын Алыкул сүрөтүндө "чалыр болуп тартылып калыптыр" деп жазган. Мындай маалымат интернет колдонуучулардын көпчүлүгүнүн нааразылыгын жараткан. Активисттердин бири #НарисуйтеНормальныеДеньги хэштеги менен флешмоб баштаган.

"Жакшыртылган 200 сомдук акчага 2010-жылы IV серияда чыккан банкноттогу портрет түшүрүлгөн", — деп билдиришти Улуттук Банктан. 

Маалымат кызматынын айтымында, 2016-жылы жакшыртылып чыгарылган акчага бир гана бул портретти түшүрүүнүн техникалык ыкмасы өзгөртүлгөн. Башкача айтканда, акчага сүрөттү түшүрүүнүн классикалык ыкмасы – техникалык колго жасоо гравировкасы колдонулган. Ошого жараша фото портретте чегип жаратуу түзүлгөн. 

"Бул технологияны колдонуу ыкмасынын натыйжасында 2016-жылы чыгарылган IV сериядагы өркүндөтүлгөн банкноттор даана көрүнүп, бир кыйла көркөмдөлдү. Белгилей кетсек, улуттук валютадагы бардык банкноттордун портреттери эч кандай өзгөртүүгө дуушар болгон жок", — деп айтылат маалыматта. 

Кыргыздын атактуу адамдарынын сүрөттөрү 2010-жылы чыккан акчага түшүрүлүп, президенттин алдындагы Улуттук валютанын эскизин тандоо боюнча Комиссиянын чечими менен бекитилген. 

2010-жылы чыгарылган IV сериядагы банкноттордогу портреттер микрошрифт түрүндө ал адамдын аты жана фамилиясы менен даярдалган. Бул серия чыгарылып жаткан учурда, басылманын корголушу боюнча заманбап болуп эсептелген. Бул серияны жүгүртүү процессинин негизинде, Улуттук банк калктын суроо-талаптарына жараша, портреттер даана эмес жана "бүдөмүк" калыпта көрүнүп жаткандыгын эске алган. Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан банкноттордун техникалык мүнөздөмөсүнө бир аз өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынган. Анын негизинде эл көнүп калган банкноттун жалпы көрүнүшү сакталып, "Mask TM" жаңы элементин колдонуу аркылуу банкноттун коргоо комплексин бекемдөө каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0