Президенттин иш башкармалыгындагы департамент күзөт кызматына 8 млн. сом сарптамакчы

© Sputnik / Табылды КадырбековСейсфтеги акча каражаттар. Архив
Сейсфтеги акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 7-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 29-декабрда аяктайт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар боюнча департаменти күзөт агенттиктеринин кызматы үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аталган департамент күзөтүү кызматы үчүн 7 миллион 636 миң 080 сом сарптоого даяр.

Тендер 7-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 29-декабрда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0