"Бишкекжылуулуктармагы" шаар тургуну түшүп кеткен люктун үстүн жапты

© Фото / пресс-служба ОАО "Бишкектеплосеть""Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы борбордогу өзүнө тиешелүү, ачылып калган люктарды жаба баштады
Бишкекжылуулуктармагы ишканасы борбордогу өзүнө тиешелүү, ачылып калган люктарды жаба баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Люктар убактылуу бетон плиталар менен жабылып турмай болду. Качан гана жол оңдолуп, жарык берилгенде кадимки темир капкактар коюлат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кечээ "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы шаар тургуну түшүп кетип, эки күн жаткан люктун үстүн жапты. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Канышай Дүйшөнбекова билдирди.

"Шаар тургуну түшүп кеткен люк Панфилов менен Логвиненко көчөлөрүнүн ортосундагы Линейная көчөсүндө жайгашкан. Тратуардан, киши баскан жерден алысыраак орун алган. Түнкүсүн жарык берилбейт, айланасы таштанды болуп кеткен. Люктардын капкактарын кайра-кайра жапканыбызга карабай уурдалып кетип жатат. Ошондуктан тургундарын коопсуздугун эске алып, убактылуу бетон плиталар менен жаап турууну чечтик. Качан гана жол оңдолуп, жарык берилгенде кадимки темир капкактар менен жабабыз", — деди Дүйшөнбекова.

Эске сала кетсек, аталган аймактагы ачык люкка Бишкек шаарынын тургуну түшүп кетип, эки сутка жардам күтүп жатып калган.

Ал эми шаар мэриясы люктар "Бишкекжылуулуктармагы" ашканасына тиешелүү экенин билдирген эле.

Бишкек шаарында люкка түшүп кетип, эки күн жаткан адамды селсаяктар сактап калгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган видео материалдан көрсөңүздөр болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0