Сарпашев: автоматтык урналар бузулуп калган учурлар болуп жатат

Жазылуу
Эртең менен саат 10го чейин референдумга өзгөртүү киргизүү боюнча 95 миң 900, жергиликтүү кеңешке 75 миң кыргызстандык добуш берди.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Добуштарды автоматтык түрдө санаган урналар бузулуп калган бир нече учурлар катталып, бирок, ошол замат оңдолуп ишке берилгенин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев билдирди. 

Анын айтымында Жалал-Абадда бир нече автоматтык урналар алмаштырылды. 

"Бирок урналар өчүп калгандыктан добуш берүү токтотулгандыгы боюнча фактылар жок", — дейт Сарпашев.

Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 – Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо 5 ирет добуш сатып алуу фактысы катталды
Анын маалыматына караганда эртең менен саат 10.00го чейин референдумга өзгөртүү киргизүү боюнча 95 миң 900, жергиликтүү кеңешке 75 миң кыргызстандык добуш берген. 

Ал эми Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга биринчилерден болуп Япониядагы кыргыздар добуш берген. Референдумга акыркылардан болуп эртең эртең менен АКШдагы мекендештер катышары белгиленди. 

Депутаттарды шайлоо Кыргызстан боюнча 22 шаар жана 389 айылда өтүүдө. Шайлоого жалпысынан 2 миллион 350 миң жаран катышууга укуктуу. Ал эми негизги мыйзамга өзгөртүү боюнча 2 миллион 825 миң адам добуш бере алат.

Баш мыйзамда эмнелер өзгөрүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0